Татьяна Ушакова

Википедия дан
Ушакова Татьяна

Татьяна Ушакова (1968-жылы 9-февраль күнү төрөлгөн) – акын

Татьяна Ушакова 1968-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында төрөлгөн. Ал Ленин атындагы орто мектепти жана Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун “Башталгыч класстардын мугалими” адистиги боюнча аяктаган. Бир нече жыл иштегенден кийин көзү көрбөй калып, бир топ убакытка жигердүү жашоодон алыстап кеткен. Жашоосундагы өзгөрүүлөр Бишкекке көчүп келгенден кийин башталган.

Бул жерде ал компьютерде иштегенди өздөштүрүп, китептерди жана музыканы аудио менен угуугамүмкүнчүлүк пайда болуп, көзү көрбөсө да, компьютерде тергенди үйрөнгөн. 2015-жылы Татьяна Ушакованы “Жаңы маданияттын кайра жаралышы - Эр Төштүк” коомдук фондуна чакырышкан. Бул жерде ал аудио китептерди жаздырууга катышып, фонддун баракчасына жарыяланган тексттерди жазып турган. Мына ушул маалда ал кыргыз элинин чакан эпостору менен биринчи жолу жакындан таанышып, ошол эле учурда ырларды жаза баштаган.

Ушакова “Фейсбуктагы” баракчасына ырларын жарыялап турат.

Мындан тышкары, Татьяна “Thebest” журналындагы макалалардын, “Мозаика-3” жыйнагындагы басылмалардын жана ар кандай интернет-ресурстардагы макалалардын автору. 2018-жылдан бери "Адабий Кыргызстан” (“Литературный Кыргызстан”) журналына макала жазып келет.

Татьяна тууралуу адабий сынчы Элеонора Прояева мындай пикирин билдирген:

Адамдарга ыктап, бардык жаңы нерселерге умтулуп ачылган терезе – Татьяна Ушакованын образын ушул нерсе эң жакшы чагылдырып турат. Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан келген кыз өзү менен кошо өлкөнүн борборуна бул укмуштуудай тоолуу аймактын көгүлтүр көлү менен асманын, карагайлуу жашыл токойлорун, карлуу чокулардын жөнөкөйлүгүн жана улуулугун кошо ала келгендей болду. <..>Татьянанын ырлары табигый үндөргө жана жыттарга өтө бай. Ал сүйүү, назиктик, кумар, ырлардан башка эч бир жол менен жеткирүүгө мүмкүн болбогон сезимдер жөнүндө жазат.

Акындын табияты мына ушундай болот – адамдын жан дүйнөсүндө ары-бери урунуп, жол издеп, сыртка чыгууга умтулган сөздөрдү бир калыпка салып, башкаларга жеткире алат. Эркектер жана аялдар, иттер менен гүлдөр, көчөдө кокусунан бет келген адамдар менен достор, жазгы жана күзгү шамалдар, жамгыр жана өрүк дарагынан күбүлүп түшкөн жалбырактар – мунун баары Татьянанын жан дүйнөсүндө жаңырып турат”.

Китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ушакова Т. Фиолетовый си-бемоль: Б: Оптима Технолоджис, 2020. − 136 бет. ISBN 978-9967-9263-7-0 © Оптима Технолоджис, 2020 © Ушакова Т.

Татьяна Ушакова. Фиолетовый си-бемоль

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Авторлор тууралуу кыска маалымат. Ушакова Татьяна. “Адабий Кыргызстан”. Кыргызстан жазуучуларынын көркөм жана коомдук-саясий журналы. №1, 2022. – 225 б.

Поэзия. Татьяна Ушакова. Жаңы ырлар. “Адабий Кыргызстан”. Кыргызстан жазуучуларынын көркөм жана коомдук-саясий журналы. №1, 2022. – 142-147-беттер.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татьяна Ушакова социалдык тармактарда:

Фейсбук