Таутомерия

Википедия дан

Таутомерия – кадимки шартта бири-бирине тең өтүп турган тең салмактуу абалдагы изомерлер. Прототроптук таутометрия кеңири таралган, мында өзгөрүү протондун өтүшүнүн натыйжасында ишке ашат. Таутометрияга ацетоуксус эфиринин кетоенолдук формалары тиешелүү: СН3-С-СН2СООС2Н5 CH3t;C=CH-COOC2H5ООН Ацетоуксус эфири, бир жагынан кетондор үчүн мүнөздүү болгон реакцияга кирсе, экинчи жагынан енолдук реакцияга кирет. Анионтроптук таутометрия сейрек кездешет. Углеводцордун эритмелеринде, мисалы, Д-глюкозанын эритмесинде тең салмакта углеводдордун үч формасы болот: ⍺-глюкопираноза, β-глюкопираноза жана ачык чынжырлуу альдегиддик. Таутометрия кубулушу менен көптөгөн химиялык-технологиялык процесстер, өзгөчө дары заттарды жана боёочу заттарды синтездөө менен тыгыз байланышкан. Таутометрия тирүү организмдерде өтүүчү процесстерде өтө чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]