Тахеометрдик съёмка

Википедия дан

Тахеометрдик съёмка – топогр. картага түшүрүүнүн бир түрү; мында горизонталь жана тик бурчтар тахеометрдин тегереги боюнча, ал эми обьектиге чейинки аралык – андагы аралык өлчөгүч менен аныкталат. Геодезиянын бир тармагы. Мында автоматтык түрдө үч координата – аспап орнотулган чекит менен рейка турган чекиттин багыты, аралыгы, салыштырмалуу бийиктиги) аныкталат. Алынган маалымат формула боюнча эсептелет. Аралыгы, бийиктиги тахеометрдик таблицадан алуу менен жөнөкөйлөштүрүлгөн. Тахеометрдик съёмка инженердик жумуштарда, геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдө, жолдорду, каналдарды ж. б. курууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]