Тахира Менаждинова
Тахира Менаждинова – белгилүү татар опера ырчысы, профессор.
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал 1952-жылы 16-мартта Орусиянын борбору Москванын чет жакасындагы Долгопрудный районунун Хлебниково кыштагында туулган.
Долгопрудный шаарындагы музыкалык мектептен таалим алган.
1980-жылы Москвадагы П.П.Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваторияны аяктаган. Анын окутуучусу айтылуу Елена Образцова болгон.
Образцова айым аны кыргыз дирижеру Асанкан Жумакматовдун өнөр мектебине жолдоп, Тахира айым 1981-1988-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында опера ырчысы болуп иштеген.
Ал айтылуу кыргыз солисти Болот Миңжылкиев менен чогуу иштешкен.
Москвадагы Чоң театрда да иштеген.
1993-жылдан Чехиянын борбору Прага шаарында жашайт.
Прага мамлекеттик опера театрынын солисти жана Прага эл аралык консерваториясынын профессору.
Коомдук иши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2010-жылы 30-сентябрда ал Прага шаарында Чыңгыз Айтматов менен Болот Миңжылкиевдин элесине арналган эскерүү кечесин жана концерт уюштурган. (TT)