Тацит Публий Корнелий

Википедия дан

Тацит Публий Корнелий биздин замандын 50-жылдардын ортосу – 120-жылы жакын) – Байыркы Рим тарыхчысы, жазуучу. Мамлекеттик саясий чөйрөгө кеңири катышып, 97-жылы жогорку магистратуранын консулдугуна жетишкен. Үч чыгарманын («Агримкола», «Германия», «Оратор жөнүндө диалог») жана эки тарыхый эмгектин («Тарых» жана «Анналдар») автору. «Тарыхында» Рим жана Рим империясынын 69–96-жылдардагы турмушу баяндалат. Бардыгы 14 китеп болгон. Бизге 1–4-китеби, 5-китебинин башы гана жеткен. «Анналдар» (Тацит аны өмүр бою жазган) 14–68-жылдардагы окуяларды камтыйт, ал толук аягына чыккан эмес. Бүткөн 16 китебинен 1–4, 12–15-китеби белгилүү. Тацит өз эмгектеринде тарыхый чындыкты ачык жазып, император Тиберий менен Нерондун башкаруусун трагедия катары сүрөттөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]