Ташауз областы

Википедия дан

Ташауз областыТүкмөнстандын түндүгүндөгү административдик-аймактык бирдик. Дашогуз вилаятынын 1992-жылга чейинки аталышы. Аянты 73,43 миң км2. Калкы 1,4 млн (2005). Административдик борбору – Дашогуз (мурунку Ташауз) шаары. Административдик-аймактык жактан 9 этрапка (административдик-аймактык бирдик), 2 шаарга бөлүнөт. Вилаят Аму-Дарыянын төмөнкү агымынын сол жээгинде, Кара-Кум чөлүндө жайгашкан. Жери негизинен түздүктүү. Вилаяттын түндүгүн Аму-Дарыянын эски нугу жана дельтасы, Сары-Камыш чуңкурдугу, түштүк-чыгышын Үстүрт платосунун чети ээлеп жатат. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык жана кургак, кышы жылуу. Июлдун орточо температурасы (Дашогузда) 29,2°С, январдыкы –2,2°С. Жылдык жаан-чачыны 100–150 мм. Аймагынын көп бөлүгүн кум, боз топурак ээлейт. Өсүмдүктөн ак сөксөөл, черкес акациясы, ыраң, шыбак, баялыш, камыш ж. б. өсөт. Калкынын негизин түркмөндөр түзөт. Ошондой эле өзбек, орус, казак, армян, азербайжан, татар ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 19 (18,66) киши туура келет. Чарбасынын негизин айыл чарба, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы түзөт. Пахта өстүрүү, сүт жана эт багытындагы мал багуу басымдуу. Шалы, арпа, жүгөрү, кунжут эгилет. Жибекчилик, багбанчылык өнүккөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: пахта тазалоочу, текстиль, май, сүт, эт, металл иштетүү, курулуш материалдар ж. б. Негизги өнөр жай борбору: Дашогуз шаары. Жогорку окуу жайлары, китепканалар, орто окуу жайлары ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]