Ташбаев Карымшак

Википедия дан

Ташбаев Карымшак - акын, котормочу.

Карымшак Ташбаев Кара-кулжа районунун Шаркы-ратма кыштагында 1935-жылы 15-январда туулган. Токтогул атындагы орто мектепти 1953-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы эмгек жолун колхоздо табелчи болуудан баштаган.
1954–1957-жж. аскер милдетин өтөп келип, геологиялык чалгындоо партиясынын улук бургулоочусу, Кара-Кулжа райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт.
1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктайт.
1965–1969-жж. облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер,
1969-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы,
1976–1999-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы, облустук филар-мониянын көркөм жетекчиси, «Ош» альманахынын кызматкери болуп иштеп келген.
К.Ташбаевдин «Таң калуу» деген алгачкы ыры 1958-жылы ноябрь айында облустук «Ленин жолу» гезитине чыккан. Ошондон баштап рес-публикалык мезгилдүү басылмаларда, журналдарда жарыяланып келген. К.Ташбаев көптөгөн китептердин жана котормолордун автору. Ал Литва акыны Ю.Марцинкявичюстун «Кан жана кул» аттуу баатырдык поэмасын ж.б. акындардын ырларын, поэмаларын которгон.
Карымшак Ташбаев 1969-жылдан Журналисттер союзунун, 1970-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Ал 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алып, ушул эле жылы «Манас – 1000» эстелик медалы менен сыйланган. К.Ташбаев облустук советтин XXI чакырылышынын (1990–1995) депутаты.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыргыз тоолору: Ырлар. – Б., 1969. – 44 б.

Мен көргөн жаздар: Ырлар. – Б., 1970. – 80 б.

Too жана төө: Кенже балдар үчүн ырлар. – Б., 1973. – 20 б.

Багыт: Ырлар. – Б., 1974. – 44 б.

Мезгил күүсү: Ырлар. – Б., 1977. – 40 б.

Мезгил – тулпар: Ырлар. – Б., 1979. – 96 б.

Аралыктар: Ырлар, поэмалар. – Б., 1985. – 236 б.

Канаттуу тоолор: Ырлар. – Б., 1987. – 70 б.

Жандуу топурак: Ырлар жана поэмалар. – Бишкек, 1990. – 112 б.

Манас баяны: коллективдүү жыйнак. – Ош, 1995. – 184 б.

Байыркы жана бүгүнкү Ош: Илимий изилдөөлөр. – Ош: Кагаз ресурстар типографиясы, 1999. – 192 б.

Оштогу менин өмүрүм: Ырлар, публицистикалык ой толгоолор жана по-эмалар. – Б., 2006. – 192 б.

Орус тилинде

Время – скакун: Стихи. – Б., 1981. – 68 с.

Время – скакун: Стихи. – М., 1985. – 80 с.

Башка элдердин тилдеринде

Буюк ер фарзандлари. /которгон Р.Карим. – Ош: Кагаз ресурстар типо-графиясы, – 50 б.

Шофкат Рахман. Ошко качан кетебиз: Ырлар. – Б., 2006. – 100 б.

КОТОРМОЛОРУ

Ю. Марцинкявичюс. Кан жана кул. – Б., 1983. – 136 б.

Р. Моуди. Өлгөндөн кийин. – Ош, 1992. – 32 б.