Ташиев Бакай
Ташиев Бакай - обончу, аткаруучу Манас районунун Бала-Саруу айылында 1952-жылы 20-октябрда туулган. 1970-жылы Арал айылындагы А.Үсөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1970–1972-жж. Монголия Эл Республикасында армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1976–1980-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1980–1981-жж. Сокулук районунун, 1981–1984-жж. Манас районунун, 1984–1986-жж. Талас шаарынын маданият үйлөрүндө директор, 1986–1992-жж. Кыргызсовпрофсоюздун Өздүк көркөм чыгармачылык үйүндө бөлүм башчы, 1992–1994-жж. Кыргыз телерадиокомитетинде редактор, 1994–2000-жж. Чүй облустук маданият башкармалыгында башкы адис, 2000–2006-жж. Чүй облустук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын 30дан ашык обондору бар. Акын Анасбек Жумалиевдин сөзүнө жазылган «Жашыл көчө» деген ыры алгачкы обону болуп эсептелет. 1982-жылы жеке пластинкасы жарыкка чыккан.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Ак жылдыз» созу Б.Курманкуловдуку
- «Адамдарга кайрылуу» созу А.Өмүркановдуку
- «Врач кызга» созу А.Жумалиевдики
- «Жашыл көчө» созу А.Жумалиевдики
- «Жолугуу» созу Б.Курманкуловдуку
- «Көлгө келсем» созу А.Жумалиевдики
- «Кыздарга» созу А.Ажыгуловдуку
- «Майрам шаңы» созу А.Жумалиевдики
- «Махабат кыялы» созу А.Жумалиевдики
- «Махабаттуу терезе» созу А.Жумалиевдики
- «Мөл булак» созу А.Жумалиевдики
- «Мугалимдерге» созу К.Курманбаевдики
- «Сабиркан» созу Молдо Багыштыкы
- «Сагындым» созу Э.Токонованыкы
- «Өтүнүү» созу А.Өмүркановдуку
- «Ысык-Көлгө суктануу» созу А.Жумалиевдики
- «Энекем» созу Н.Жетикашкаеваныкы ж.б.
- «Атайга тартуу» – күү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын обончулары/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4