Ташрабат көрүстөнү

Википедия дан

Ташрабат көрүстөнү – Талас өрөөнүнүн Нылды суусунун сол жээгиндеги коло дооруна (б.з.ч. 1500–1000-жыл) таандык көрүстөндөр тобу. Ар бир көрүстөндүн үстү тоонун этегинен алынган таштар менен төрт чарчы көлөмдө коргондолуп, алар бири-бирин улай тизмектешип кетет. Кээ бир коргончолор ортосунан 2–5 бөлүкчөлөргө бөлүнгөн. Казылган 20 көрүстөндүн ичинен 4 адамдын сөөгү жөн көмүлүп, 16сы өрттөлүп көмүлгөн. Бирок өрттөлгөн сөөктүн калдыктары өтө аз санда кездешет. Бул сөөктү алдын-ала башка жерде өрттөгөндөн кийин, анын калдыктарын чогултуп көргө салып көмгөндүгүнүн далили. Чопо идиштин, күлдүн калдыктары 0,30–1,50 метр тереңдикте кездешет. Казуу учурунда күмүштөн, жезден жасалган иймектер, билериктер, шурулар жана чоподон жасалган идиштер табылган. Бардыгы 6 билерик табылган. 1200 даана шуру жезден, сурьмадан жана башкадан жасалган. Булардан тышкары бетине оюу түшүрүлгөн жез такталар табылган. Ташрабат көрүстөнү 1956-жылы археолог П. Н. Кожемяко тарабынан изилденилген. П. Н. Кожемяко Ташрабат көрүстөнүн Таштөбө II эстелиги деп аныктап, анын андрон маданиятынын алгачкы мезгилине таандык экендигин жана көпчүлүк табылгалар Түндүк Казакстан табылгаларына окшоштугун көрсөтүп, сөөгү өрттөлбөгөн көрүстөндөр коло доорунун кеч мезгилине таандык экендигин белгилеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.