Таштанды

Википедия дан

Таштанды – сырьёнун2009 сила, ар кандай материалдардын жана башкалардын бөлүгү, калдыгы же баштапкы сапатын жоготкон продукция. Алар атайын бөлүнүп берилген жерлерге төгүлүп, коюлган шарттарга жооп бериши талап кылынат. Таштанды кээде сырьё катары кайрадан иштетилет же жок кылынып, көмүлөт. Таштанды айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын негизгилеринен. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алар энергетикадан, өнөр жайдан, айыл чарбадан, транспорттон, турак жайдан жана башкалардан түрдүү жолдор (газ, суюк, катуу абалында) менен чөйрөгө бөлүнөт да, экологиялык проблемалардын өзөгүн түзөт. Мисалы, автотранспорттон ж. б. тармактан бөлүнгөн түтүндүн жана башка заттардын кесепетинен атмосферада смог пайда болот. Ал өз кезегинде адамдын дем алуу органдарын ооруга чалдыктырып, объекттердин бузулушуна алып келет. 1980-жылы дүйнөдө эсептелген таштандылар 100 млрд тоннага жеткен. Акыркы маалыматтарга таянсак ал 300–350 млрд тонна болгон. Таштанды пайда болушу боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: – өндүрүштүк (өнөр жай), турмуш-тиричилик калдыктары; агрегаттык абалы боюнча – катуу, суюк, газ абалындагы (түтүн ж. б.); кооптуулугу боюнча – өтө кооптуу, жогорку деңгээлде кооптуу, кооптуу, аз деңгээлде кооптуу, кооптуу эмес ж. б. Алардын ичинен көп учураганы химиялык, термиялык, механикалык ж. б. жолдор менен өндүрүштөн (табигый жана антропогендик таасирден ж. б. жол менен) пайда болгон катуу, суюк, газ абалындагы таштандылар эсептелет. Ошондой эле турак-жайдан бөлүнгөн таштандылар да маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]