Таштандыларды кайра иштетүү

Википедия дан

Таштандыларды кайра иштетүү – өндүрүш калдыктарын же таштандыны кайталап пайдалануу, же кайрадан жүгүртүүгө киргизүү. Айнек, кагаз, алюминий, асфальт, темир, кездеме сыяктуу материалдарды жана пластиктин ар кандай түрлөрүн кандайдыр бир масштабда экинчи, үчүнчү ж. б. кайра иштетүү кеңири тараган. Ал эми органикалык, айыл чарба жана тиричилик калдыктары айыл чарбасында байыртадан эле пайдаланылып келет. Таштандыларды кайра иштетүү, экинчи жолу кайра иштетүу деп аталат. Утилдештирүү түз (тикелей) колдонулбоочу, экинчи жолу колдонулуучу ресурстарды өндүрүш жана керектөө калдыктарын пайдалануу. Таштандыларды кайра иштетүү төмөнкү жабдууларда ишке ашырылат. Гранулятор – плёнка, биг-бэги, профил, жашик, бөтөлкө жана башка ар кандай типтеги пластмасса буюмдарын пайдалануу максатында гранулдарга айландыруу. Агломератор – полимердик плёнканын калдыктары майдаланылып жана червяктуу ныктоочто жана куюучу машиналарда кайра иштетилүүчү агломерат алынат. Шредерде – түрдүү материалдардын кыйындык менен иштетилүүчү калдыктары, автомобиль шиналары, ири куймалар, нерсенин тулкусу, түтүктөр, жыгач калдыктары ж. б. Майдалагычта – калдыктар тиешелүү өлчөмдөгү фракцияларга чейин майдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]