Таштан, ташка секирип жүрмөй
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, сай.
Оюнда таштар колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар, оюн өткөрүлүүчү жерге таштарды бир-биринен белгилүү аралыкта коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар кезектери келгенде, бирден оюн өткөрүлүүчү жерге коюлган таштардан-таштарга секиришип өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Таштардан, таштарга секирип, тең салмагын жоготпой белгиленген аралыктан бат өткөн оюнчу оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дөңгөчтөн-дөңгөчкө секирип өтүү, устундан-устунга секирип өтүү, дубалдан-дубалга, дарактан-даракка секирип өтүү, аттан-атка өтүү, эшектен-эшекке өтүү.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, тең салмагын жоготкондон кийин, аракетин улантууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.