Ташты дөңгө түртүп — тоголотуп чыгуу
Көрүнүш
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн дөңдө өткөрүлөт.
Оюнда таш колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар таштарды тандашып алышып, оюн башталчу жерде бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар, оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча таштарын дөңгө түртүп—тоголотуп чыгууга аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Дөңгө ташты бат тоголотуп чыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дөңгө дөңгөктү түртүп — тоголотуп чыгуу, дөңгө устунду түртүп — тоголотуп чыгуу.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун шартын бузуга жана толук аткарбай коюуга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, тырышчаактыкка, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.