Таш-Башат көрүстөнү

Википедия дан

Таш-Башат көрүстөнү – Талас өрөөнүндө жайгашкан көрүстөндөр тобу. Окумуштуулардын пикири боюнча коло доорунан баштап, соңку о. кылымга чейин пайдаланылган. Үстү чарчы көлөмдөгү таштар менен коргондолгон 6 көрүстөн коло дооруна тиешелүү экени аныкталган. Сөөк көмүү салты Таш-Төбө эстелиги менен окшош келип, сөөк көмүүнүн 2 түрү кездешет: 1) өрттөп көмүү; 2) жөн көмүү. Чопо идиштер, колодон жасалган билерик, шуру-сөйкөлөрдүн бирдей ыкмада жасалганы байкалат. Таш-Булак көрүстөнү 1957-жылы археолог П. Н. Кожемяко тарабынан изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]