Мазмунга өтүү

Таш кордо

Википедия дан

Таш кордо – жоокерчиликте ичине ысытылган таштарды салып, тамак бышырууга ылайыкталган, жылкынын терисинен жасалган идиш; жаны союлган койдуң, эчкинин же кийиктин этин өзүнүн карынына же көөдөнүнө салып туюктап, өтө ысытылган майда таштарга, корго көөмп бышырылган эт тамагынын түрү. Элибизде даярдоо ыгына жараша таш кордонун бир нече түрү кездешет. Адегенде малды мууздап, терисин сыйрып, ичин аңтарып таштап, ичи-тышына туз сээп, эткел, калын жерлерин шиш менен сайып, тоо пияздан же сарымсактан шиш менен тешкен жерлерге сойлотот. Тузу сиңгиче териге ороп коё турат. Отту чоң жагып, жалпак таштарды таап, отко салып кызытат. Эттин ортосунан чоң шиш өткөрүп, сыртын чокко кактап турат. Ичине отко кызарган таштарды салып, таштардын табы кайткандарын алып салып, кайра кызарган ысык таштарды салып туруу керек. Ичинен кызарган таштын табы, сыртынан чоктун табы өткөн эт кызарып бышканы бүкүлү таш кордо, койдуң же кийиктин этин өз карынына салып, оозун бууп, бышырса думбалама таш кордо, кызарган ташка сулп этти же жиликтердин эттүү жагын келтирип жаап бышырса жампa таш кордо деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]