Таш массасы

Википедия дан

Таш массасы (англисче stoneware, фр. grès, нем. Steingut) – керамиканын бир түрү: жогорку температурада күйгүзүлгөн түстүү (көбүнчө боз же күрөң), бышык, катуу буюмдар. Т. М-нан алынган буюмдарды жука, тунук кристалл же күңүрт боз глазурь менен сырдашат, кээде ичке рельеф менен кооздошот. IV–V к. Кытайда Т. м-нан пайдалануу фарфордун келип чыгышына шарт түздү, ал эми Европада Т. м-нан жасалган буюмдар XIV-XV кылымда белгилүү болгон (Түштүк Германия, Рейн облусу). Россияда Т. м-нан жасалган буюмдар XX кылымда популярдуу боло баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]