Таш менен урганды, аш менен ур

Википедия дан

«Таш менен урганды, аш менен ур». Мунун мааниси дагы эле кыргыз элинин айкөлдүгүнө барып такалат. Кыргызда түбөлүктүү кек сактоо анча болбогон. Душмандары канчалык зыяндуу келсе да, аны алдыртан билгизбейт. Аралаша жүрө берет. Анын котур ташы кой-нунда экенин билет. Билип туруп, билмексен болот. Көрөт, көрүп туруп, көрмөксөнгө салат. Канчалык басмырттап, конок айттырат. Мейман күтүүдөн тап жылдырбай жана конок айттырса да, эч бир кабак-кашым дебейт. Өзүнүн адамкерчилигине, ата салтына, баба наркына сез тийгизбейт. Акыры анын акмакчылыгын өзүнүн адамкерчилиги аркылуу жеңет. Макал эми өзүнүн маанисинежетти-деп ойлойбуз. Мында, «кекти каапырга жараткан» – деген накылга то-гоштурат. Муну душман да ичтен баалайт, алдынатушет.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик сөз

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://library.kat.kg/?p=1390(жеткиликсиз шилтеме)