Таш туз

Википедия дан
галит.

Таш туз, кайнатма туз – 1) галит минералы. Химиялык курамы NaCl. Куб системасында кристаллданат. Өңү түссүз, тунук; курамында органикалык заттар, темир кычкылы кездешсе күрөң, боз, кызгылтым. Катуулугу 2., салыштырма салмагы 2,2; 2) галит минералынан түзүлгөн чөкмө тоо тек. Чопо же майда кумдуктардын арасында жука кабатча, чачынды, кабат, линза түрүндө учурайт. Деңиз сууларынын курамында да кездешет. Негизинен таш туз катмарлары кембрий, девон, пермь жана үчүнчүлүк мезгилдеринде калыптанган. Көбүнчө таш туз экзоген процессинде пайда болот. Аны тамак-ашка татымал катары жана аларды сактоо мөөнөтүн узартууда, химиялык өнөр жайда кеңири пайдаланылат. Таш туздун Кыргызстанда Кочкор, Шамшыкал, Кичи-Кул ж. б. кендери белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]