Таш үстүндө басуу

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Өткөрүлүүчү жер: аянтча, таштуу жер.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде оюн өтчү жерге таштарды 30 см. 1 м. аралыкта тизип алып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алынат. Ар ким өз кезеги келгенде бир бутун тизеден бүгүп, жерге тийгизбестен, тизилген таштардын үстүндө тең салмагын жоготпой басуу керек. Оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой бир буту менен таштарды басып өткөн оюнчу жеңип чыгат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, таштарды ордунан жылдырууга, тең салмакты жоготкондой кийин таш үстүндө басууну улантууга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси — тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка, аралыкты туура аныктоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]