Таяктын бир учун кармап жерден көтөрүү

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда узун таяк колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан кармашып, колдорун ийишпей, жерден баштарынын үстүнө чейин түз көтөрүшкөндөн кийин, кайра дагы колдорун ийишпей акырын жерге коюуга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Таяктын бир учун кармап, колун ийбей жерден көп жолу көтөрүп, кайра акырын жерге койгон оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирегичтин бир учун кармап көтөрүү, бакандын бир учун кармап жерден көтөрүү, бутакты кармап көтөрүү, күрөктүн сабынан кармап көтөрүү.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колду ийүүгө, экинчи кол менен жардам берүүгө, бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир аспап менен ойношу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]