Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тоскоолдукту тургузгандан кийин, оюндун шарты менен кезеги жөнүндө сүйлөшүп алынат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан сол колдору менен анын үстүнөн, оң колдору менен астынан кармашып, бир аз күүлөнүп жүгүрүшүп келишип таяктын экинчи учун. жерге сайышып, түртүнүшүп тоскоолдуктан секирип өтүүгө аракеттенишет. Тоскоолдуктан секирип өтө албай калган оюнчулар, оюндан чыгышып, оюндун өткөрүлүшүнө жардам беришет. Тоскоолдук« тан ийгиликтүү өткөн оюнчулар үчүн тоскоолдуктун бийиктиги дагы көтөрүлөт. Оюн, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча өткөрүлөт. Таяк менен түртүнүп бийик* тикке секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда бир бирине тоскоолдук кылууга секирип түшчү жерде жана жерге жакын турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Секирип түшчү жер жумшак жана башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тоскоолдуктардан секирип өтүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]