Таяк менен түртүнүп узундукка секирүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлө* шуп алышат

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учун сол колдору менен үстүнөн, он колдору менен анын астынан кармашып, бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишип, таяктын экинчи учун жерге сайышып, түртүнүшүп узундукка секирүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Таяк менен түртүнүп узундукка секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга, секирип түшчү жерде болууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык, ийилчектик тарбияланат, чечкиндүүлүккө таяк менен түртүнүп узундукка секирүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]