Таяныч пункту (аскердик)

Википедия дан

Таяныч пункту (аскердик) – каршылаш душманынан коргонуу үчүн ок атуучу куралдар менен күчтөндүрүлүп, тегерете бекемделген курулуш комплекси (пункт, позиция). Таяныч пунктун орнотууда бардык тарабына байкоо жүргүзүүгө жана натыйжалуу аткылап турууга ылайыктуу жер тандалып, аны коргоо милдети негизинен рота же взводго жүктөлөт. Таяныч пункту үчүн согуш жүргүзүү жана коргонууга ылайыкташкан окоп, бир-бирине байланышууга мүмкүнчүлүк бере турган траншея, өздүк курамды жашырууга мүмкүн болгон блиндаж ж. б. танктарга каршы ар кандай тоскоолдуктар даярдалып, кылдаттык менен жашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]