Таң

Википедия дан

Таң – түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган маал; башкача айтканда күндүзгү маалдын башталышы. Бул маал «таң агаруу», «таң сүрүү», «тан заар», «заар» («саар»), «супа» «таң шооласы» жана «таң сөгүлүп» деп да аталат. Күн чыгардагы атмосферадагы оптикалык кубулуш. Күндүн горизонтто ээлеген абалына жараша асмандагы жарык түстөрүнүн закон ченемдүү алмашуусунан келип чыгат. Күн горизонттон 12° төмөн кезинде асманда жашыл тарткан тилкелер, горизонттон чыгарына 5° калганда Күндүн үстүндө сегмент түрүндөгү жарык пайда болот. Бул учурда жарык түшүп, окуганга мүмкүн болот. 2–3° калганда таң шооласында кызгылт тактар көрүнүп, ал улам ачык, жарык боло баштайт. Күн горизонттон чыкканда асман (асман ачык кезде) сары же кызгылт-сары түстө, кээде күрөң тартып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]