Тверкинг

Википедия дан

Тверкинг, бути-дэнс, бути-шейк, сваг, тверк (англ. twerking, booty dance, booty shake, swag, twerk) – бий өнөрүндөгү өзүнчө багыт. Мында жамбаш, курсак, колдор кыймылда болуп, башка мүчөлөр кыймылсыз турушу керек. Көбүнчө айымдар бийлеп жүрүшөт. Тверкингди бути-дэнс деп да коюшат, «жамбаш менен бийлөө» деген мааниде. Адатта тверкинг же бути-дэнс самба, R&В жана рэп музыкасынын коштоосунда бийленет. Тверкинг бийин сахнада көп учурларда дүйнөлүк жылдыздардын арасынан Шакира, Бейонсе жана Никки Минаж бийлеп келет. Бий сексуалдуу, ачык маанайда болгондуктан ызы-чуу жаратып койгон учурлары да бар. Мисалы, Орусиянын Оренбург шаарында жергиликтүү бий тобунун «Винни-Пух жана аарылар» деген бийинде тверкингдин элементтери болгондуктан интернетке жайылып, сын пикирлерге кабылган

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]