Театрлаштырылган майрамдар
Театрлаштырылган майрамдар – программаларды тематикалык жактан көркөм бириктирген театрлаштырылган массалык оюнтамаша. Сценарийдин негизинде режиссёр коёт. Ал ачык сахна, стадион, аянт, арена ж. б. жайларда коомдук мааниси зор окуяга же айрыкча маанилүү датага байланыштуу өткөрүлөт. Театрлаштырылган майрамдар француз революциясын массалык түрдө майрамдоодон чыккан. Кыргызстанда да белгилүү даталарда, мааракелерде Т Театрлаштырылган майрамдар өткөрүлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9