Театр таануу

Википедия дан

Театр таануу – сахна искусствосунун тарыхын жана теориясын изилдөөчү илим. Театр искусствосу илим катары 20-кылымда калыптанган. Театр таануу – маданият, тарых, философия, социология, эстетика, психология илимдери менен тыгыз байланышта. Театр таануунун объектилери – театр искусствосунун жалпы компоненти: драматургия, актёр искусствосу, режиссура, жасалга искусствосу, театр архитектурасы, театр билими, театр ишин уюштуруу, сахна техникасы, музыкалык жасалга жана көрөрмандар. Театр жөнүндө илимдин пайда болушу Байыркы Грекия жана Рим дооруна таандык. Алгачкы теориялык эмгек Аристотелге таандык. Сахна искусствосу жөнүндө теориялык жана тарыхый эмгектер 16-кылымда (Франция, Англия, Германия) жарык көрө баштаган. Театрды изилдөө иши 17-кылымдан жигердүү башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]