Тегене көмүр кени

Википедия дан

Тегене көмүр кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 30 км түндүгүрөөк тарапта. Тоо-геол. түзүлүшүнө карата кен карьердик талаа жана шахталык талаа болуп экиге бөлүнөт. Кен жөнүндөгү биринчи маалымат 1931–32-ж. жүргүзүлгөн геол. cъемканын негизинде берилген. 1954–55-ж. геол. cъемка, издөө иштери 1969–72- жана 1976–79-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмарынын төмөнкү бөлүгү–Таш-Көмүр свитасы менен байланышкан. Бардыгы 7 кабат аныкталган, алардын ичинен бир кабат (Т6) өнөр жайлык мааниге ээ. Анын калыңдыгы 0,19 мден 17,8 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүр Таш-Көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына таандык. Орточо күлдүүлүгү 15,17%, орточо күйүү жылуулугу 30,71 МДж/кг (7336 ккал/кг). Тегене-шахталык участкасынын запасы В+С1+С2 категориясы боюнча 51683 миң т. Тегене-карьердик участкасынын 1997-жылга карата запасы 6865 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]