Тегеректин квадратурасы
Тегеректин квадратурасы – берилген тегерек менен тең чоңдуктагы квадратты түзүү маселеси. Байыркы замандын математиктери циркуль жана сызгыч менен кээ бир ийри сызыктуу фигураны сынык сызыктуу фигурага өзгөртүп түзө алышкан. Ушуга байланыштуу Тегеректин квадратурасын графикалык жол менен так чечүүгө аракеттенишкен, бирок бул аракеттер натыйжасыз болгон. Анын себептери төмөнкүчө: эгерде тегеректин радиусу г болсо, анда бул тегерек менен тен чондуктагы квадраттын жагы x=r-Jn болот. Демек маселе төмөнкүдөй коюлат: берилген кесинди (г) берилген Jn санга пропорциялаш түзүүлөрдү жүргүзүү керек. Бирок кесиндини радионалдык санга график методу менен көбөйтүү маселеси циркуль жана сызгыч менен аткарылыш үчүн көбөйтүүчү -Jn саны квадрат радикалдан так чыгарылуучу бүтүн коэффицентери бар алг. теңдеменин тамыры болушу керек. Ал эми n(-Jn) трансценденттик сан экендигин, б. а. коэффицентери бүтүн сан болгон алг. эч бир теңдемени канааттандырбай тургандыгын 1882-ж. немец математиги Ф. Линдеман далилдеген. Грек геометрлери Тегеректин квадратурасын трасценденттик ийри сызыктарды колдонуп түзүшкөн. Тегеректин квадратурасын алгачкылардан болуп Динострат (б. з. ч. 4-кылым) атайын ийри сызык – квадратрисанын жардамы менен түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9