Тегеректөө

Википедия дан

Тегеректөө (сандарды) - кандайдыр бир эсептөө системасында чектүү сандагы цифралардын жардамы менен сандарды жакындатып эсептөө.

Берилген маселени чыгарууда натыйжа сан ар кандай орундуу, кээде көп орундуу болушу мүмкүн. Санды, анын жакындатылган маанисин берүүчү башка орундуу (разряд) сан менен алмаштыруу санды Тегеректөө деп аталат. Тегеректөө нүн зарылдыгы акыркы натыйжа так аныкталбагандыктан, ошондой эле көп орундуу цифраларды жаза бербестен, керектүү орундагы сандар менен чектелүүдөн келип чыгат.

Тегеректөөдө кетирилген ката Тегеректөө катасы деп аталат. Тегеректөөнүн ар кандай ыкмалары бар. Анын бири t разряддан (t цифрадан) тышкары майда разряддын санын жазбай калтыруу. Мында Тегеректөөнүн абсолюттук каталыгы t разряддагы сандын бирдигинен чоң болбойт. Кол менен эсептөөдө Тегеректөө t разряддагы санга чейин гана жүргүзүлөт. Тегеректөөнүн абсолюттук каталыгы тегеректеле турган t разряддагы сандын жарымынан да ашпайт. ЭЭМде арифм. эсептөөнүн эки режими колдонулат. Мында Тегеректөө жылма үтур же жылбас үтүр решимдеринин биринде аткарылат. Биринчи режимде сан t разрядга чейин, экинчи режимде үтүрдөн кийин t разрядга чейин тегеректелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.