Тегиздик

Википедия дан
Тегиздик.

Тегиздик – жөнөкөй бет; геометриянын аксиомалары аркылуу кыйыр түрдө гана берилген геометриялык негизги түшүнүктөрдүн бири. Тегиздиктин мүнөздүү негизги касиеттери: 1) Тегиздик – өзүнүн каалагандай чекиттерин туташтырган түз сызыктардан гана турган бет; 2) Тегиздик – мейкиндиктин берилген эки чекитинен бирдей аралыкта жайгашкан чекиттердин көптүгү. Тегиздик – 1-тартиптеги алгебралык бет. Декарт координата системасында Тегиздиктин жалпы (толук) теңдемеси Ax+By+Cz+D=0, мында A, В, С - бир мезгилде нөлгө барабар эмес туруктуулар, D – каалагандай туруктуу сан. Эгерде М(х, у, z) чекитинин радиус-вектору г, ал эми N(A, В, С) тегиздикке перпендикулярдуу (нормаль) вектор болсо, анда бул векторлордун (г, N) скалярдык көбөйтүндүсү катышкан (r, N)+D=0 барабардыгы Тегиздиктин теңдемесинин вектордук формасын аныктайт. ЭгердеА, В, С коэффицентеринин бири нөлгө барабар болсо, анда Тегиздиктин толук эмес тендемеси алынат. Тегиздиктин теңдемеси алгач француз математиги А. Клеронун (1731) эмгектеринде жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]