Тез
Бул — жыгач усталардын дүкөнү.
Боз үйдүн кереге-уугун жасоодо тал таяктардын түзүн ийе турган, ийрисин түзөй турган аспабы. Мунун бийиктиги 80—100 см дей келет да, ача жыгачтын ача жагы жогору каратылып, жерге орнотулат. Ага узундугу бир жарым метрдей ийилбес жоон жыгачтын бир жагы бекитилет. Анын 20 мм дей төмөн жеринен уук-кереге болуучу талдын аяктарын камтый кармап, тездин оюкчасына (шыктоорго) матайт, ошондо ылайыгына жараша ийриси түзөлөт, түзү ийилет.
Тез жасоодо да ич ара айырмачылыктар баамдалат. Чеберлер оор жана катуу жыгачтан үч буттуу, же эки буттуу кылып алып, жыгачтын ортосун азыраак оюп, же эки буттуу жыгачтын баш жагын башка бийик жыгачка бекитип алат. Аны «ыкшоор» дейт. Мына ошол оюлган жерге керегенин башын, же ууктун билегин салып, экинчи учун уста белине кармап туруп, тезге салып иет. Жыгачты ийип алгандан кийин, ийилгени кургай электе аны чыңоо иретинде матоого салат.
Тез — үй жыгач жасоонун негизги аспаптарынын бири. Ал эки ача жоон өрүк жыгачынан да жасалууда. Анын жоон башына дагы эки буту салынат. Жыгачты матай турган үстү жагы муунак болуп, тереңдиги 20 см, уз. 20 см оюлат. Оюктун эки жагына, ички бетине жумшак жыгачтан эки кабырга жыгач уук-керегени матап жаткан учурда алардын билектерине так калтырбай, сыйда түшүшүнө себеп болот.
Матоо жыгачынын эки түрү бар. Экөө тал жыгачтан жасалат. Биринчисинин ийилиши саал гана ийри көрүнөт, экинчисиники, уук-керегенин ийилиши кандай болсо, дал ошого окшош келет. Ал ийри жыгачтан атайын ийилте жасалбастан керки, чот менен чебер ийри чаап, ойдогудай ийкемдүү кылып алат. Бул ийилген аралыктын узундугу 80 см болот. Калган сап жагы түз келет. Матоо жыгач менен маталуучу жыгач тездин оюгуна салынып, устанын сол капталына такалып туруп коопшолот. Ошол мезгилдерде жыгачтын билектеринин ички жалпак бети, ууктун ички билеги пайда болот, минтип узануу учурунда он чактысы бир маталып турат. (Жыгач морттук касиетке ээ болсо, жыгач сейрек, ар кандай шартта өссө, андай жыгачты жибитүү үчүн кыкты түтөтүү (кок кылуу) ыкмасын колдонуубуз керек. Эгер калемчеленип өскөн жыгач болсо корго салынбай эле маталат. Жыгач матоодо, копшолуп жатканда ички кабыгы өзү эле тазаланып кетет. Анан тарткыдан калган тактары түрпү менен өгөө аркылуу жылмаланат.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)