Тез эс

Википедия дан

Тез эс [англисче Random Access Memory (RAM); орусчасы – оперативное запоминающее устройство (ОЗУ)] – программа менен берилиштерди убактылуу сактоочу интегралдык схема. Тез эсте төмөнкү үч түрдөгү маалыматтар сакталат: 1) иштетүү системасын жана компьютер жабдууларынын иштерин багыттаган программалык жабдыктар; 2) учурда колдонулуп жаткан колдонмо программа; 3) колдонмо программа пайдаланып жаткан берилиштер. Эстин микросхемалары (чиптери) энелик тактага же ушул сыяктуу схемалары такталарга бекитилет. Тез эс энергияга көз каранды, анда сакталган программа жана берилиштер энергия өчкөндө өчүп калат. Ошол себептен кийин пайдаланууга керек болгон берилиштерди энергия өчүрүлгөнгө чейин Тез эстен сырткы эске сактап коюу керек. Азыркы учурда жаңы типтеги Тез эс катары флэш (flash) эс колдонулууда. Анын айырмасы энергия өчсө деле сактоо жөндөмдүүлүгүн жоготпойт. Флэш эс көтөрүп жүрүүчү кичине компьютерлерде диск киргизгич түрүндөгү түзүлүш катары колдонулат. Учурда күндөрү көпчүлүк компьютерлерде Тез эс катары SIMM (бир тараптуу эс модулу) же DIMM (эки тараптуу эс модулу) колдонулат. SIMM – бул кичине схемалык такта, анда көп микросхемалар тактанын бир жагында орнотулган. SIMM тактасынын жалпы көлөмү 1, 2, 4, 8, 16 МБ түзөт жана энелик тактада жайгашат. DIMM тактасы SIMM тактасына окшош, бирок анын микросхемалары тактанын эки тарабына орнотулат. Көп компьютерлердин өндүрүмдүүлүгүн кэш эсти колдонуу менен жогорулатууга болот. Кэш эс адатта борбордук процессор менен башкы Тез эстин ортосуна орнотулуп, анда программа менен берилиштер сакталат. Процессор керектүү берилишти же программанын буйругун адегенде кэш эстен издейт, эгерде алар кэш эсте жатса, анда процессор тиешелүү аракетти башкы эсте жаткандарга караганда тез аткарат. Кийинки жаны микропроцессорлор эки деңгээлдеги кэш эске ээ. Микропроцессордун микросхемасында орнотулган эс 1-деңгээлдеги же ички кэш эс деп аталат, 2-деңгээлдеги кэш эс борбордук процессордун бөлүгү болбостон энелик тактада орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]