Теке чабыш

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, омуртка сөөктөр колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчиси шайланат, андан кийин диаметри 4—5 метр келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна омуртка сөөк баткыдай кичинекей чуңкур (казан) жана тегерек сызыкка оюнчулардын санына карата, бирдей аралыкта ар бир оюнчу өздөрүнө чуңкур казышып таяктарын бир учун чуңкурдан чыгарбай кармашып турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи 10—12 метрлик аралыктан таягы менен омуртка сөөктү жер менен жылдырып келип аны тегеректин ортосундагы «казанга» таягы менен түртүп киргизүүгө аракеттенет. Тегеректе турган оюнчулар таяктары менен омуртка сөөктү урушуп, «казанга» жакын келтирбөөгө аракеттенишет. Эгерде оюн жетекчисине омуртка сөктү «казанга» же оюнчулар коруп турган чуңкурлардын бирине таягы менен түртүп киргизсе, ал кезектеги оюнчу же болбосо чуңкур коруй албаган оюнчу менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу омуртка сөөктү «казанга» таягы менен түртүп киргизген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уйчу- бул оюнда омуртка сөөктүк ордуна, кертилген жыгач колдонулат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таяк менен бир бирин урууга, омуртка сөөктү буту менен тээп, кол менен кармоого, өз чуңкурунан алыс кетпей туруп бошоп калган башка бир оюнчунун чуңкурун ээлөөгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонуучу таяктар бирдей, оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, шамдагайлыкка тарбиялайт, көңүл коюуга үйрөтөт. Хоккей оюнуна даярдоочу көнүгүүлөрдүн бири катары эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]