Теккерей Уильям Мейкпис
Теккерей, Уильям Мейкпис (англ. William Makepeace Thackeray; 18. 7. 1811, Индия, Калькутта – 24. 12. 1864, Англия, Лондон) – англис жазуучусу. 19-кылымдагы англис романчыларынын беделдүү өкүлдөрүнүн бири. Таланттуу карикатурист да болгон. Чыгармалары ар кандай жанрда (роман, повесть, юмордук аңгеме, пародия, очерк, баллада ж. б.), бирок бир идеялык багытта жазылган. Теккерейдин «Сары чийкилдин жазмалары» (1840), «Кэтрин» (1840) повести; «Атактуулардын романы» (1847) деген пародиялар түрмөгү, «Ээрчимелер китеби» (1847), «Көйрөңдөр жарманкеси» (1848), «Пенденнис» (1850), «Генри Эсмонддун таржымалы» (1852), «Ньюкомдор» (1855), «Виргиниялыктар» аттуу романдары бар. Теккерей чыгармаларында сатиралык-юмордук романдардын жаңы тибин түзүп, социалдык сатиранын мүмкүнчүлүгүн кеңейткен, реализмди тереңдеткен.
Байланыштуу макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9