Тектир

Википедия дан

Тектир, терраса – тоолордун, дарыя өрөөндөрүнүн, көл жана деңиз жээктеринин капталдарындагы эки жагынан тик беттер менен чектелген, узатасынан кеткен тегиз же бир аз жантайынкы аянтча, рельефтин бир формасы. Дарыя Тектири, көл Тектири, деңиз Тектири болуп бөлүнөт. Дарыя Тектири дарыя өрөөнүнүн мурдагы таманынын калдыгы; ал агын суулардын денгээлинин өзгөрүшүнөн пайда болот. Тектир аккумуляциялык, цоколдук (аллювийден төмөн чулу тоо тек жатат), эрозиялык (чулу тектен турган) болуп ажыратылат. Ири дарыялардагы Тектирдин жазылыгы 10 кмден ашат; көл Тектири – көлдүн деңгээли жогору кездеги толкундун аракетинен; деңиз Тектири – кургактыктын тектоникалык кыймылынан же деңиз деңгээлинин тартылышынан жуулган жээк тилкесинин мурдагы аянтынын калдыгы. Тектир айыл-чарбада, жол салууда ж. б. пайдаланылат. Топоним катары да Кыргызстандын аймагында кеңири таралган, мисалы, Ак-Тектир, Кара-Тектир, Жайсаңды-Тектир, Арпа-Тектир ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]