Тектоника

Википедия дан

Тектоника, (грекче tektonikos – курулушка таандык), геотектоника – жер кыртышынын етруктурасын, анын Тектоникалык кыймылдан жана деформациядан өзгөрүүсүн изилдөөчү илим; геологиянын бир тармагы. Тектониканын негизги максаты – ар кандай тоо тектердин жайгашуусун, алардын структуралык элементтерин, майда бүктөлүштөрдөн тартып континент жана океан аралык Тектоникалык ири жаракалардын, үзүлүштөрдүн пайда болуу шартын, тарыхын изилдөө. Ал геологиялык көп тармактар – стратиграфия, петрография, литология, палеогеография, кен байлык ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Тектоника жер кыртышындагы ар түрдүү структуралык элементтерди (бүктөлүүнү, жаракаларды) изилдеп, Тектоникалык райондоштуруу маселелерин чечүүдө мааниси зор. Тарыхый Тектоника – тектоникалык кыймылдарды жана анын пайда болуу тарыхын, учурдагы жер кыртышынын калыптанышын изилдейт. Тектоникалык кыймылдардын өнүгүү мезгилдерине карай этаптарга жана стадияларга бөлүп, алардын жалпы закон ченемин белгилейт. Региондук жана тарыхый Тектониканын маалыматтары боюнча Тектоникалык карталар түзүлөт; генезистик же теориялык Тектоника – тоо тектердин деформацияланыш шартын, өнүгүү закон ченемин изилдеп, жалпы теориясын түзөт, региондук жана тарыхый Тектоникадан алынган маалыматтарды жыйынтыктайт, Тектоникалык кыймылдын, жылышуулардын структуралык өзгөчөлөктүрүнүн еебептерин аныктайт; азыркы мезгилдү Жер тарыхындагы эң кийинки (неоген, антропоген) пайда болгон Тектоникалык структура жөнүндө маалыматты неотектоника берет. Тектониканын практикалык мааниси кеңири. Тектониканын маалыматтары ар түрдүү инженердик курулуштарды курууда (суу сактагыч, канал ж. б.) колдонулат. Теңир-Тоо тоолору Тектоникалык түзүлүшүнүн татаалдыгы менен эзелтен бери окумуштуулардын көңүлүн буруп келет. Алгач Теңир-Тоодо И. В. Мушкетов, Д. В. Наливкин, В. А. Николаев, A. Е. Ферсман, Д. И. Щербаков ж. б. геологдор иш жүргүзүп, бир нече жаңы ачылыштары менен Тил илимин байыткан. Тенир-Тоо Тектоникасын А. Бакиров, В. И. Кнауф, В. Г. Королев, К. Сагындыков, И. Садыбакасов, К. Д. Помазков ж. б. окумуштуулар изилдешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]