Телеграф аппараты

Википедия дан

Телеграф аппараты – телеграф байланышын иш жүзүнө ашыруу үчүн электр телеграф сигналдарын берүүчү жана кабыл алуучу аппарат. Биринчи Телеграф аппаратын 1832-ж. орус ойлоп табуучусу П. Л. Шиллинг жасаган. Телеграфиянын алгачкы өнүгүү этабында кабарлар клавишалуу түзүлүш же телеграфтык ачкыч аркылуу берилген. Телеграф аппараты телеграф бергичтен жана телеграф кабылдагычтан турат. Телеграф бергич бериле турган белгилерди шифрлөө, параллелдүү коддук айкалышты удаалаш коддук айкалышка өзгөртүү, коддук айкалыштын курамына, кабылдагычты синхрондоштуруучу жана фазалагыч сигналдарды киргизүү, талаптагыдай узундукта жана амплитуда да болгон электр сигналдарынын удаалаштыгын байланыш линиясына берүү операцияларын аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]