Телесность

Википедия дан

Телесность[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телесность – түз жана кыйыр мааниде «денелүүлүк», «материалдуулук», «жердик» деген түшүнүктөрдү билдирет. Телесность-традициялык метафизикалык багыттагы ойлорду – субъект-объект, репрезантациянын бирдиктүү борбору, гносеологизмди имплицисттик жол менен көтөрүп мактоо жана башка обочолонтуп сүрүп чыгууга кызмат кылган түшүнүк. Классикалык философия субъект-объект, дене-жан, трансценденталдык-имманенттик, тышкы-ички жана башка түшүнүктөрдүн дихотомиясын түшүндүрүп чыга алган эмес. Ал эми булардын дихотомиясын тажрыйбанын биримдигине кайрылып, жеңип чыкса болот, анткени, Телесность дал тажрыйбанын турукташтыруучу түзүлүшү. Бирок, мында Телесность объект да, дене мүчөсүнүн суммасы да эмес, ал өзгөчө түзүлүш, уюшулуш тактап айтканда, Адам тажрыйбасында белгилүү ар кандай ойлорго чейин туруктуу жашаган, бирок, баамдалбаган, ынандырылбаган горизонт болуп эсептелет. Рефлексиялык анализге алууга болбогон, ырааттуу рационалдык аракет схемасы боюнча ажыратылгыс Телесность жаратылыш жана маданият объектеринин эң алгачкы башталышы болгон.

Окумуштулардын айтусунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окумуштуулар Телесность «феноменалдык дене», «потенциалдык дене», «мүчөсүз дене», «мүмкүн болуучу аракеттердин системасы», «либидиндик каалоо», «ойдун фигурасы», «тканы» же «аң-сезимдин интенционалдык актысынан мурда аны жараткан структура», «текст-өзгөчө түрдөгү дене» жашка башка аташкан. Телесность дүйнө «ички», «тышкы» деп бөлүнгөнгө чейинки ага тике катышып турган факт. Ушундан улам Телесность феномени дүйнөнүн «ички», «тышкы» деп ажыратылбастыгын билдирген илим предмети болуп калууда. Телесность боюнча алганда субъект-странсценденталдык түшүнүк, субъекттин ою – бул мейкиндик жана убакытка байланыштуу мүнөздөмөлөрдөн ажыраган, бирок өзүнө-өзү айкын жана «мен» деген түшүнүктү элестетет. Бул субъект денесиз жана өлбөс субъект, ал трансценденталдык формада жөнөкөй эле гно тракция эмес, ал реалдуу субъект оюн толук алмашкан түшүнүк. Натыйжада, аң-сезимден ырааттуу түрдө сезимдүүлүктүн бардык элементтери «туулган», аны менен кошо аң-сезимдин дүйнө менен сеологиялык абс байланышкан учурлары да токтогон, субъекттин аң-сезимин рефлексиялык контролго алууга болбойт. Трансценденталдык субъективдүүлүктүн чегинен чыгуу-ойдун «таржымалдык», «топографиялык» параметрлерин аныктоо максатын коёт. Мында, мисалы, Телосность аң-сезимдин бир учурдагы абалын мүнөздөйт, ал боюнча субъект аң-сезими өзүн-өзү бийлей албай калат (катуу коркуу страх), катуу бузулуу (шок), жогорку эйфория, эмоция жана башкана.

М.Фуко айтусунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эми Франция философу М. Фуко (1926–1984) Телесность позициясында коомду социалдык жана денелик тажрыйбалардын өз ара шартталып иштелген тарыхый продуктусу деп аныктаган; дагы Телесность терапевтик саясаттын эки формасынын – Адам денесинин анатомосаясаты менен калктын биосаясатынын бириккен түйүнү болот деген. Фуконун изилдөөсүн немец философу жана жазуучусу Э. Юнгер улантып, «жумушчу» менен «солдаттын» дене фигураларын дал дене формаларын түзүүчү субъекттер катарында даана сүрөттөп жазган. Бирок бул фигуралар (эки эркек адамдын накта денелери гана) саясий-экономиялык, социалдык-психологиялык экспликация (шарттуу) белгилер аркылуу түшүндүрүү аркылуу же культурологиялык категориялар аркылуу андай кесиптеги адамдарды түшүнүп билүүгө мүмкүндүк бере албайт. Телесность анонимдүүлүк өзгөчө орун алган. Ал боюнча Телесность тажрыйбанын эң жогорку синтези жана биримдиги катарында өзүнө гана тиешелүү дүйнөсү бар, ал дүйнөнү өзү рационалдыксыз, ишке ашуу функциясына баш ийүүсүз түшүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]