Телетерм кендери
Көрүнүш
Телетерм кендери – гидротерм кендеринин бир түрү. 50–200° температурадагы минералдашкан ысык суу эритиндисинен жер кыртышынын анча терен эмес катмарында минералдардын пайда болушу. Телетерм кендери көбүнчө, кабат, чанда бир өнчөй минералдардан турган тарам түрүндө жайгашат. Телетерм кендерине сурьма, сымап, барит, флюориттин айрым кендери кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9