Телефон

Википедия дан

Телефон (теле... алыс жана грекче phoneүн = алысүн) – 1) во первых телефон это жизнньь во вторых, это любовьььэлектр термелүүсүн үн термелүүсүнө (сүйлөө речине) өзгөртүүчү электр-акустикалык прибор. Өзгөртүү принциби боюнча Телефон электр-магниттик, электрдинамикалык жана пьезоэлектрдик болуп айырмаланат. Мобилдүү Телефондорго: уюлдук Телефон – уюлдук байланыш тармактарында иштөөчү Телефон, ал – татаал жогорку технологиялык электрондук түзүлүш, радио кабыл алып-бергич, башкаруунун адистештирилген көзөмөлдөгүчү, түстүү монохромдук дисплей, интерфейстик түзүлүш жана аккумулятордон турат. Анын төмөнкүдөй түрлөрү да бар, камерофон – фотоаппараттын жана видеокамеранын милдетин дагы аткаруучу мобилдүү Телефон, мультимедиалык Телефон (плеерфон, мьюзикфон, музыкалык телефон) – аудио видеофайлдарды ж. б. кайра жаратуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар адистештирилген мобилдүү Телефон Смартфон – толук операциялык сиетемалуу мобилдүү Телефон (Symbian OS, Windows Mobile, Palm OS ж. 6). Мындай Телефонго жаңы программалар орнотулат: IM- кардарлар, кеңсе пакеттери, органайзерлер, аудио, видеоойноткучтар, коңгуроону башкаруу программалары, браузерлер ж. б. Коммуникатор – мобилдүү Телефондун милдетин да аткаруучу жеке чөнтөк компьютер. Бизнес-Телефон – корпоративдик пайдалануучулар үчүн адистештирилген Телефон, мында тексттүү документти жана электрондук таблицаны кароо, электрондук почта менен иштөө, органайзердин маалыматын корпоративдик сервер менен синхрондоштуруу ж. б. иштерди аткарууга мүмкүндүк берет. Зобололуу Телефон – сырткы түрүнүн кооздугу жана аткарган милдеттери көзгө тез чалдыккандыгы менен өзгөчө. Ошондой эле спутниктик Телефон, конференция Телефону, видеотелефон, IP-Tелефон ж. б. түрлөрү бар. Телефондун бардыгы электр-акустикалык мүнөздөмөлөрүнүн туруктуулугу, нымдан ишенимдүү корголгон жана бузулганда алмашуунун женилдиги камсыз кылынган; 2) Телефон аппаратынын күндөлүк турмушта аталышы; 3) сүйлөшүүлөрдө Телефон аппараттын (абоненттик орнотмосунун) номери; 4) Телефон байланышынын жалпы кыскача аталышы.

1860-жылы табиятсыноочу Антонио Меуччи Нью-Йорктогу италия гезитенде электр зымдары аркылуу үндү берүүчү түзүлүшү жөнүндө макала жарыялаган. Өзүнүн аппаратын Меуччи Teletrofono атаган. 1871-жылы ага патент алууга аракет кылат, бирок каражаттын жоктугунан ою ишке ашпай калат.

Телефон шкафтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стенддер функционалдык өзгөчөлүктөрү, даярдоо материалы, дизайны, жайгаштыруу жана бекитүү түрү боюнча айырмаланат. Интернетте бул түзмөктү өз колуңуз менен жыгачтан, металлдан жана ал тургай эски кредиттик карталардан жасоонун ондогон жолдорун таба аласыз.[1]

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Костерлердин түрлөрү жана пайдалуулугу..

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]