Теминген мөңгүсү

Википедия дан

Теминген мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7 км, аянты 6,6 км2. Исфара суусунун сол курамы Каравшиндин алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5110 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4180 м, абляциясынын аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Теминген суусу башталып, Каравшин суусунун оң курамы Киндикке сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]