Темирдик-Тоо

Википедия дан

Темирдик-Тоо"Манас" эпосундагы топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары бир катар эпизоддордо эскерилет. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын ашын өткөрүү үчүн жер тандаган учурда: "Темирдик тоону басамын, Мен Куулуктан ашамын" (Радлов жазып алган вариант, 147), — деп айтылат. Темирдик — Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы тоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4