Темир-бетон конструкциялары

Википедия дан

Темир-бетон конструкциялары – имараттар менен курулмалардын темир-бетонэлементтери. Т.-б. к. техникалык- экономикалык көрсөткүчтөрү жогору, бекем (бышык), керек формага жана өлчөмгө оңой келгендиктен, курулуштун бардык тармагында кеңири колдонулат. Заманбап Темир-бетон конструкциялары даярдалышы (туташ, курама-туташ), даярдалуучу бетондун түрү (оор, женил, ысыкка чыдамдуу ж. б.), чыңалган абалынын түрү (кадыресе жана алдын ала чыңоо) боюнча бөлүнөт. Туташ Темир-бетон конструкциялары курулуш аянтында даярдалып, стандарттуу эмес жана курама элементтери аз кайталанып, имарат, курулманын өзгөчө көп күч келе турган элементтерде (пайдубал, каркас жана көп кабаттуу өнөр-жай имараттарды, суу техникалык, транспорттук ж. б. курулмаларды жабуу) колдонулат. Курама Темир-бетон конструкциялары курулуштун ар түрдүү тармагында – өнөр-жай, жарандык турак-жай, айыл-чарба ж. б. тармактарда колдонулуучу конструкциялардын негизги түрү. Анын туташ констр-ларга караганда бир кыйла артыкчылыгы курулушту индустриялаштырууда мүмкүнчүлүгүнүн кеңирилиги: чоң курулмалардын негизги бөлүгүн заводдо даярдоого шарт түзөт, курулуштун бүтүү мөөнөтүн тездетет, буюмдун сапатын жакшыртып, баасын арзандатат. Курама-туташ Темир-бетон конструкциялары – түзүүчүлөрүнүн бардык бөлүктөрүнө бирдей күч келе тургандай болуп, курама элементтердин (темир-бетон колоннасы, плита ж. б.) туташ бетон менен айкалышы. Ал көп кабаттуу имараттарды жабууда, көпүрө жана жол курууда колдонулат. Анын негизги артыкчылыгы - бекемдиги, болоттун аз чыгымдалышы. Темир-бетон конструкциялары негизинен өзүнчө өзөк темир ширетилген торчо түрүндөгү ийилгич арматурадан жана курулушта кенири колдонулуп, башка материалдарга караганда экономикалык жактан үнөмдүү. Темир-бетон конструкциялары азыркы архитектурада жерди, мейкиндикти туура пайдалануу менен бирге эстетикалык талаптарга жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]