Темир комуз кутусу

Википедия дан

Жыгач буюмдарынын бир түрү. Ал — үндүү аспапты катуучу жатак. Темир комуздун түспөлүндөй жыгачтын ичин ал баткандай оюп, тили баткандай жана аны сактагандай тешикти шибеге-шиш аркылуу чыгарып, үстүн капкактайт. Демек, темир комуздун жатагы жана капкактын эки башы тешилип, экөөнү бириктирүүчү боо өткөрүлөт. Ал боо түрдүү түстөгү жиптерден турат да, кол башы менен чалынат. Учу топ чачыланат да, боз үйдүн «эпче» тарабында кереге башына илинет. Бул бир чети үйдүн ички көрүнүшүнө өзүнүн чакан жарашыгын кошуп турат.

Усталар салттуу эмерек, айырмач ээри жана кырма идиштери сыяктуу мунун жыгачын көбүнчө талдан тандашат. Талды күз айларында (сентябрь) кыйып келип, мээлүүн жайда кургатып, араалап, комуз жатагын комуз түспөлүнө келтирип туруп, бычак аркылуу акырын жонуп кирет. Мында бычак негизги ролду ойнойт. Комуз жатагы комуз кырын жашыргандай болсун. Бул куту темир комуздун назик тилин талаптагыдай сактоо максатында колдонулат. Тили жатак алгандай, ошол ичкелиги темене баткандай тешикти шибеге шишти отко ысытып алып көзөйт. Комуз капкагы көбүнчө бүкүрөйүңкү келип, кутунун өзү сыртынан кадимки темир комузду элестетет да, кол жеткистей кооздолот. Усталар ага кадимкидей күмүш чегелеп, шырдак оюмдарын түшүрө алышат. «Ийрек» «чычкан изи» сыяктуу «кеште» түшүрүп, анан кичине, шартка байланыштуу лак жалатып койсо, андан бетер кооз көрүнөт. Темир комуз кутусунун формасы ар кандай. Эки башы «кочкор мүйүз» өңдүү кутуларды да көп көрүп жүрөбүз.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)