Темперамент

Википедия дан



Темперамент (латын сөзүнөн tempera-mentum – бөлүктөрдүн тиешелүү катышы) – Адамдын психикасын мүнөздөгөн жеке өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы. Темперамент сезимдин күчүнө жараша терең же үстүртөн, анын өтүү ылдамдыгына, туруктуулугуна же тез алмашуусуна карата билинип-көрүнөт; ошондой эле мүнөздө темпераменттин индивиддин кыймыл-аракетинин өзгөчөлүгүнө жараша да болуп өтөт. Темпераменттин негизинде жогорку нерв иш-аракетинин типтери жатат.Темпераменттин 4 түрү бар:

  • Күчтүү, оор басырыктуу, сергек типтеги темпераменттер “сангвиниктик” темпераментке туура келет;
  • Ошондой эле күчтүү, оор басырыктуу, бирок аз кыймылдуу нерв аракет типтери – “флегматикалык” темпераментке;
  • Күчтүү, токтоно албаган тип – “холериктик” темпераментке туура келет, мында көңүл чукул алмашылып, эмоциялык козголуулар, буулукма кыймылдар болот.
  • Күчү аз, алсыз тип-“меланхоликтик” темперамент, мында сыртынан аз билинген, акырындык менен келип чыккан, терең жана далайга созулган сезимдер өкүм сүрөт.

Темперамент тубаса касиети бар нерв системасы менен эле эмес, турмуш жана иш-аракет шарттары менен да шартташкан. Темперамент индивиддин өмүр жолунда өзгөрүлбөс болуп калбайт. Түрдүү темпераменттер инсандын бардык коомдук зарыл сапаттарынын, касиеттеринин өнүгүүсүнө тоскоол болбойт, бирок, ар бир темперамент өзүнүн калыптануусунда өзгөчө жолду жана ыкма, арганы талап кылат. Темперамент адам мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бир өбөлгөсүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004