Тенардит

Википедия дан

Тенардит (француз химиги Л. Ж. Тенардын ысмынан) – сульфаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Na2S04. Ромб системасында кристаллданат. Өңү сүттөй ак; сууда эрийт; катуулугу 2–3. С. салмагы 2,6–2,7 г/см3. Тенардит – хемоген минералы; соолуп бараткан туздуу көлдөрдө мирабилит, эпсомит, гипс ж. б. минералдар менен бирге пайда болот. Тенардит негизинен сода, айнек өндүрүшү үчүн сырье, боёк даярдоодо жана медицинада колдонулат. Кендери КМШда (Кара-Богаз- Көл, Мормышан көлүндө, Түндүк-Батыш Казакстанда ж. б.), АКШда жана Канадада бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]