Тениидоздор
Тениидоздор — тасма курттар пайда кылуучу гельминтоздор.
Түрлөрү жана таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адамда тениаринхоз (уй тасма курту пайда кылуучу) жана тениоз (чочко тасма курту пайда кылуучу) кездешет. Уй тасма куртунун узундугу 4 —10 м, чочко тасма курту 2—3 мге жетет. Митенин денеси муунактанган, башында 4 соргучу бар. Соргучу менен ичке ичегиге жабышып мителик кылат. Өсүп жетилген, жумурткага толгон муунактар денеден сыртка бөлүнөт. Жерге түшкөн жумуртка чөп, жем менен аралык ээсинин (уй, чочко) организимине кирет. Жумуртка аралык ээсинде чел кабыгынан бошонуп, кан менен булчуңдарга өтүп, личинкага (финна) айланат. Адам эт азыктарын чала бышырып жегенде эт менен кирген финна ичегиде андан ары өсүп чоңоёт. Чоңойгон гельминт адамдын организминде бир нече жыл жашайт. Алар ичегинин нерв түйүндөрүн дүүлүктүрүп, тамак затты соруп мителик кылат. Оорулуунун тамакка табити тартпай, кускусу келет, алы кетип, башы ооруйт. Гельминт муунактарынын сыртка бөлүнүүсү оорунун негизги белгиси болот. Адатта оорулуу сакайып кетет. Бирок убагында дарылабаса оору көпкө созулат. Чочко тасма курту жетилген учурда гана эмес, личинка кезинде да адамдын денесинде мителик кылып, цистицеркоз оорусун пайда кылат. Мите көбүнчө мээни, көздү, ошондой эле булчуң жана башкалар орган жана ткандарды жабыркатат.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тениидоздорду дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Оорунун булагы киши гана болгондуктан, аны алдын алуу максатында оорулууларды таап, убагында дарылоо керек. Оорулуу киши бөлүп чыгарган гельминт муунагы менен булганган суу, чөп жана башкалар азыкты жегенде малга жуккандыктан, аны алдын алууда жер сууну, чөп-чарды заң менен булгануудан коргоо, малды багуу жана союуда санитария-ветеринариялык эрежелерди сактоо зор мааниге ээ. Мындан сырткары өздүк гигиенага көңүл буруу, эт азыктарын жакшы бышырып пайдалануу талапка ылайык.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8