Тентимишев Акматаалы

Википедия дан

Тентимишев Акматаалы (1934, азыркы Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы – 23. 6. 2010, Бишкек) – опера ырчысы (баритон). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997). П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын (профессор A. А. Соловьёванын классын) бүткөн. Ошол эле жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында, 1960–62-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында ырчы болуп иштеген. 1989-ж. Б. Бейшеналиева атындагы МИИде профессор (1998). Аткарган негизги партиялары: Семетей, Токтогул (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Токтогул»), Манас, Жапар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Манас»; М. Абдраев, «Ажал ордуна»), Таз (М. Раухвергер, «Көкүл»), Хан (С. Осмонов, «Сепил»), Валентин (Ш. Гуно, «Фауст»), Онегин (П. И. Чайковский, «Евгений Онегин»), Жермон, Риголетто, Амансоро (Ж. Верди, «Травиата», «Риголетто», «Аида») ж. б. Кыргыз композиторлору А. Малдыбаев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматовдун патриоттук жана лирикалык ырларын чебер аткарган. Польша, Түркия, КМШ өлкөлөрүнүн көп шаарларында гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]