Тентимиш уулу Акир

Википедия дан

Тентимиш уулу Акир (1906-1980) Өрүмчү. Кант районундагы Сары-Жон айылында төрөлгөн.

Кичине чагынан эле элдик талант катары таанылып, олимпиадаларга катышкан, Токтогул атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясында иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кийин чарбада эмгектенген. Өрмөкчүлүк нусканы атасы Тентимиштен алган. Акирдия өрмөкчүлүккө ышкысы 1950-жылдардан баштап айрыкча жанданат. Адегенде жети-тогуз тал менен «жөргөм өрүм» өрөт, жүгөнгө ооздук салат. Өрүмү жанып кеткен жүгөндү эби менен кармап, өрүмүн үйрөнөт. Кийин «беш кашка өрүмүн», «жети кашка өрүмүн» ийине келтирет. Акир «Кыял» көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесине камчы өрүп берип турган. Айына 10-15 өрмө камчы өткөрүп, ал чыгарган буюм көркөмдөлүп, чет мамлекеттерге чейин жөнөтүлгөн. Мыкты өрүмдөрдөн Акир «терме өрүмүн» жакшы билген. Ал камчы өрүмдөрдүн атактууларынан болуп саналган. Буга 24 тал көк сарпталып, бирден басып, бирден өрүп, төрттөн тал жупташып, сегиз жолу терилген. Акир уста 16 тал көк аркылуу бир эле камчыга өрүмдүн төрт түрүн: «терме өрүмүн», «каз таңдай өрүмүн», «суйсалма өрүмүн» жана «жарым суйсалма өрүмүн» табышмактуу кылып бере алган. Ал сегиз талдан «жөрмөмө өрүмүнүн» түрүн да өргөн. Уста көбүнчө жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, бас-' майыл өрүмдөрүн да таасын өргөн. Алсак, «жон өрүмүнө» өзүнчө жон чыгарган. Ага он, он эки тилим кайыш кеткен. Чүйлүктөргө мүнөздүү «беш кашка өрүмү» Акирдин колунан көп чыккан. Чебердин өрмөчүлүгүндө «каз таңдай өрүмү» деген өрүмү бар. Буга тогуз тал көк тилинип, өрүүдө бир жагы төрт, бир жагы беш тал басылат. Ал эми бешинчи тал ар дайым алмашып, тегеренип, айланып турат. «Беш кашка өрүмгө» беш тал, «жети кашка өрүмгө» жети тал кайыш зарпталат. Өрмөчүлүк негизинен көк менен кайышты чебер тилүү менен бааланат. Өрмөчү көктү көбүнчө эчкинин терисинен жасаган. Сыйрылган терини тоборсутуп, үч күнү сууга бастырып койгон. Аны жибитип жүнүн бычак менен шыпырган. Анан аны тегиз жерге керген. Кургагандан кийин муну кийиз алдына таштап койгон. Көк нымдуулукту сактап, тилүүгө оңой болуп калган. Адегенде «керме» же «жаа» деген аспапка кайыш өзөктү керген. Анан суу сыйпап ак самын менен кайышты жибитип, жыгач сыдырмага күч менен кырдырганда керилген өзөк жымылдап калган. Анан көктүн талдарын тилип алып өрө баштаган. Акир көктүн бир мезгилде 24 талын бирдей жоондукта тиле билген. Көктү көз өлчөм менен тилүүчү. Ага колу да маш болгон. Акирге байбичеси Сагынбүбү жардамчы катары кызмат кылган. Чебердин уулдары Назарбек, Турдубек, кызы Гүлазык өрмөчү. Ал эми Андабек Тентимишов өнөрчүнүн нускасын алган. Акирдин өрүмүн шөкөттөөнү кары уста Сейитказы Сокубашов жүзөгө ашырган. Ага жез же темир чөгөрүп, Акирге эриш-аркак узанган. Ал азыр Аламүдүн районунун «Ала-Тоо» совхозунда жашайт. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0